Ат-Башыда улуулуктар үчүн шахмат турнири өттү
Борбордун жетекчиси Салтанат Асанбекованын маалыматына ылайык, бул иш чара Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча уюштурулган. «Биздин борборго 55 жаштан жогору адамдар келип, эс алууга жана баарлашууга убакыт табууга аракеттенишет. Улуулардын көңүлүн буруу максатында шахмат турнири өткөрүүнү чечтик. Турнирге жергиликтүү тургундардан тышкары алыс жерлерден келген коноктор да катышты», — деди Салтанат Асанбекова.
Турнириге 10дон ашык адам катышты, келечекте катышуучулар үчүн «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплекске экскурсия уюштуруу пландалууда.
Иш-чаранын жыйынтыгы:
Эркектер категориясында:
- 1-орун – Акунов Абдыкадыр (Ак-Моюн айылы);
- 2-орун – Айдаров Жыргалбек.
Аялдар категориясында:
- 1-орун – Байбосунова Гүлмайрам;
- 2-орун – Абыкеева Бактыгул.
Обсудим?
Смотрите также:

