РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Таласта мектеп окуучулары чек ара заставасында болушту
Коом

Таласта мектеп окуучулары чек ара заставасында болушту

216
Талас районунда наркотиктер менен күрөшүүгө арналган иш-чара өттү.

Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан белгилешкендей, окуучулар үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын «Арал» чек элчилик бекетинде ачык эшик күнү уюштурулган.

Талас райондун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери М.Сейталиев жана К.Нанаев атындагы мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары менен маектешип, наркотиктердин жана психоактивдүү заттардын коркунучтары тууралуу түшүндүрүштү.

Ошондой эле окуучуларды дене тарбия менен алектенүүгө, мекенин сүйүүгө жана спорт менен шугулданууга шыктандырды, бул иштердин пайдасы тууралуу баса белгилешти.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК