Биз Кыргызстандын өкмөтү менен маданий борборлорду ачуу жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүп жатабыз, - Франциянын элчиси
Андан тышкары, ал студенттик мобилдүүлүк, спорт боюнча алмашуу жана француз тилин Кыргызстанда үйрөнүү боюнча долбоорлор иштелип жатканын белгиледи. Келечекте Францияда кыргыз тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү пландалууда.
Фай ошондой эле эки тарап келечекте өз ара жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүүгө активдүү даярданып жатканын баса белгиледи.
«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы аралыкты кыскартуу, адабий байланышты бекемдеп, маданий, билим берүү жана туристикалык багыттарды өнүктүрүү боюнча иштөө маанилүү», - деп кошумчалады ал.
Обсудим?
Смотрите также: