Кыргызстанда электр энергиясын генерациялоо төмөндөп жатат - калкты үнөмдөөгө чакырууда
Токтогул ГЭСинде төрт гидроагрегаттын ичинен болгону үчөө иштеп жатат
Энергетика кызматтары Кыргызстан эл болуп, электр энергиясын пайдаланууну азайтууга чакырып жатышат.
Токтогул ГЭСинин үчүнчү гидроагрегатын реконструкциялоонун башталышына байланыштуу, «НЭСК» акционердик коомунун өкүлдөрү билдиргендей, өлкөдөгү электр энергиясын генерациялоо деңгээли төмөндөгөн, анткени учурда төрт агрегаттын болгону үчөөсү иштеп жатат.
«Учурдагы кырдаалда элди жана бардык пайдаланучуларды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга катуу чакырабыз. Реконструкция иштери аяктагандан кийин ГЭСтин кубаттуулугу 60 МВтка жогорулайт, бул станциянын жалпы кубаттуулугун 1 440 МВтка чейин жеткирет», - деп кошумчалашты компаниядан.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также:

