Кыргызстан санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө кызыкдар - министр
ПЛАС-форумда Кыргызстандын санариптик өнүгүү министри Азамат Жамангулов Digital Kyrgyzstan 2025 форумунун ички рынок үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Анын пикиринче, бул иш-чара стартаптарга жана IT-командаларга, ошондой эле маалымат технологиялары, жасалма интеллект жана башка инновациялык чечимдердин тармагында иш алып барган ири компанияларга жаңы горизонтторду ачат.
«Форум заманбап технологияларга инвестиция тартуу үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Мындан тышкары, бул кесипкөй кадрларды тартуу жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк. Биз өлкө санарип трансформациясын, анын ичинде мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууну активдүү өнүктүрүп жатканын көрсөтүүнү каалайбыз», - деп кошумчалады министр.
Обсудим?
Смотрите также: