РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan 2025 22 өлкөнүн эксперттерин чогултту
Экономика

ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan 2025 22 өлкөнүн эксперттерин чогултту

262


Бишкектеги үчүнчү ирет Digital Kyrgyzstan форуму башталды, бул тууралуу ПЛАС-форумдун уюштуруу комитетинин төрагасы Константин Гризов билдирди.

Бул иш-чаранын негизги максаты Кыргызстан экономиканын өнүгүшүнө стимулдарды түзүү. Форумда эл аралык деңгээлдеги эксперттер ийгиликтүү бизнес-кейс билимдерин талкуулап, тажрыйба алышып, искусстволук интеллект жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалымат бөлүшүшөт.

«Бизде 1500 катышуучу, алардын ичинде 80 спикер өз билимдери жана тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Негизги багыттардын бири - эл аралык кызматташууну күчөтүү», - деди Гризов.

Ошондой эле, Digital Kyrgyzstan форуму Бишкекте үчүнчү жыл подряд өтүп жатканын, бул жакшы салтка айланганынын айтып өттү.

«Кыргызстан - кичинекей өлкө, экономикалык масштабдары чектелген, бирок эл аралык кызматташууга болгон кызыгуу жогору бойдон калууда. 22 өлкөнүн делегаттары биздин регионго чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө», - деп кошумчалады ал.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК