Бишкекте мектеп окуучулары массалык мушташ уюштурууну пландашкан (видео)
Милиция конфликтти токтотту
Бишкекте укук коргоо органдары окуучулар арасында массалык мушташтын алдын алышты.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, участкалык инспектор жергиликтүү мектептин 7-чи жана 8-чи класстагы окуучулар арасында мушташ болорун билдирген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлер келип, конфликттин алдын алышты.
Мушташты уюштуруучулар аныкталды, аларды ата-энелери менен бирге милицияга алып барып, алдын алуу сүйлөшүүсүн өткөрүштү.
Обсудим?
Смотрите также: