РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Ош шаарында 30 жылдан ашык убакыттан бери турган имаратта мектеп ачуу пландалууда (сүрөт)
Коом

Ош шаарында 30 жылдан ашык убакыттан бери турган имаратта мектеп ачуу пландалууда (сүрөт)

81
Ош шаарындагы Жолона Мамытова көчөсүндөгү №32/1 имарат мэриянын балансына өткөрүлдү.

Бүгүн, 18-февралда, мэр Женишбек Токторбаев бул имарат жалпы билим берүүчү мектеп катары куруларын айтты.

«Президент Садыр Нуркожоевич келгенде, бул жерде 500 орунга ылайыкташкан мектеп үчүн имарат бар экенин айтып чыкты. Ал эч кандай маселе жок экенин айтып, жардам берээрин билдирди. Мамлекеттик курулуш боюнча тапшырма берилди. Жигердүү кызматкерлер келип смета баасын эсептешти. 134 млн сом чыгымды болду. Мен президентке смета, долбоорду алып барам, ал акча бөлөт. Президент өз сөзүндө турат. Бул мектепти азыркы жылы күздө ачабыз», - деди Ж.Токторбаев.
Ош областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Шайырбек Зылдызбек уулунун айтымында, имарат 1993-жылы курулган.

«400 орундуу мектептин сметасынын болжолдуу баасы – 134 млн сом. Эгер имараттын курулушун аяктоо тизмеге киргизсе, сейсмологиядан анын колдонууга жарамдуу экендиги боюнча корутунду алуу керек. Жалпы аянты 2100 квадраттык метрдеги, 3 кабаттуу. Смета кошумча китепкана жана акт залы, ошондой эле эски тамактануу жайын калыбына келтирүүгө эсептелген», - деди ал.


  • 2023-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен бул имарат муниципалдык менчикке өткөн.




Буга чейин муниципалдык ишкананын кызматкерлери ушул имараттын айланасын эски дарактардан, көп жылдык чөптөрдөн жана таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК