Ай-Кол айылында 225 орунга ылайыкташкан жаңы мектеп курулууда
Проект республикалык бюджеттен финансыланууда, жалпы тендердин суммасы 70 миллион сомду түзөт.
225 орунга ылайыкташкан мектеп эки кабаттуу болот. Анын ичинде класстардан тышкары, лаборатория, дарыгер кабинет, окуу зал, акт залы жана ачык асман астындагы спорттук аянтча каралган.
Жаңы имараттын жалпы аянты 1115 квадрат метрди түзөт.
Учурда курулуш иштеринин 80% аяктады.
Мурдагы мектеп 1970-жылы курулган.
Обсудим?
Смотрите также: