Бишкекте 20 айдоочуну жол кыймылы жөнундөгү мыйзамдарды бузганы үчүн жумуштан бошотушту
Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана муниципалдык коомдук транспорттун кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу маселелери боюнча отурум өткөн. Бул иш-чараны тиешелүү департаменттин директору Улан Бейшенбаев жетектеди, деп билдирди шаардык мэрия.
Отурумдун жүрүшүндө төмөнкү маанилүү маселелерге көңүл бөлүндү: айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоо, белгиленген ылдамдыкты ашырбоо жана автобустун техникалык абалын көзөмөлдөө зарылдыгы эскертилип өттү. Ушул көзөмөлдүн натыйжасында 20 айдоочу жол кыймылынын эрежелерин оор бузганы үчүн жумуштан бошотулган, башкаларга маалымдоо жүргүзүлгөн.
Отурумдун аякташы менен коомдук транспорттун айдоочулары арасында жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын күчөтүү жана жүргүнчүлөрдүн кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды.
Мэрия ошондой эле ушул сыяктуу отурумдар туруктуу негизде өткөрүлүп турарын билдирген.
Обсудим?
Смотрите также: