Кыргызстандык театр труппасы Берлинде өткөн фестивалда өнер көрсөткөн
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл фестивалда Франция, Бельгия, Ирландия, Испания жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн театралдык топтор катышты. Кыргызстан бул маанилүү иш-чарага биринчи жолу катышып жатат.
2000-жылдан бери Берлинде өтүп келе жаткан фестиваль белгилүү жана жаңы театр өнөрпоздоруна өз иштерин кеңири аудиторияга тартуу салттуу мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Омурбек Текебаев «Уя» спектаклин көрүп, фестивальдын уюштуручулары менен кыргыз театралдарынын «Find» фестивалындагы кийинки катышуусун жана театр искусствосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Обсудим?
Смотрите также: