Германиядагы элчи Зиген шаарындагы эл аралык тилдер институту менен кызматташуу маселелерин талкуулоодо
Жолугушуу учурунда Текебаев кыргызстандык студенттер үчүн сапаттуу тил даярдыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул алардын Германияда билим алууга жана жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле немис коомчулугуна ийгиликтүү интеграциялануусуна жардам берет деп айтты.
Мындан тышкары, аталган институтта тил даярдыгын алган көптөгөн кыргызстандыктардын Германияда окууларын улантууну же жумуш табууну улантуусу белгиленди.
Эл аралык тилдер институтунун директору М. Вильгельм Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин маалымдады. Өз ара талкуу жүрүшүндө тараптар бул кызматташууну ишке ашыруу боюнча практикалык аспектилерди карашты.
Обсудим?
Смотрите также: