Боом шаткылында таштардын түшүүсү себептүү транспорттун кыймылына чектөө коюлат
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү убакыт менен таңкы 09:00 дан кечки 15:00 гө чейин унаа жолун жарым-жартылай жаап турушат. Иш жүргүзүлүп жаткан убакта, транспорттун кыймылы бир тилкеде уюштурулат. Эгерде унаалардын саны 30-40 дан ашып кетсе, унаа өтүшү үчүн иштер токтотулат.
Ошондуктан, айдоочулардын маршруттарын жана жолу убакыттарын алдын ала пландоосу сунушталат.
Башкы беттеги сүрөт: "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын.
Обсудим?
Смотрите также: