Эскертүү! Чалдовар - Каинды өткөөлүндө поезддердин кыймылы убактылуу токтотулат
Токтотуунун себеби Чалдовар - Каинды участкасындагы күпердин капиталдык оңдонуусу болуп саналат.
Темир жолу боюнча 3 693-км жердеги 22 метр узундуктагы эки аркадан турган күпер 1915-жылы курулган. Текшерүү учурунда күпердин эксплуатациясынын коопсуздугуна коркунуч жараткан кемтиктер табылган. Ошондуктан капиталдык оңдонууну жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Сураныч, жүк ташууларды пландаштырганда бул маалыматты эске алыңыз.
Маалымат үчүн, Бишкек - Каинды маршруту боюнча жергиликтүү байланыштагы поезддер адаттагыдай иштейт. Бул мезгилде узак аралыктагы жүргүнчү поезддеринин каттамдары пландалган эмес.
Обсудим?
Смотрите также: