РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Бишкектин четинде жаңы стадион 51 миң орунга эсептелет
Коом

Бишкектин четинде жаңы стадион 51 миң орунга эсептелет

318



Бишкектин четинде, Орок айылында 51 миң көрүүчүнү кабыл алуучу жаңы стадион курулууда. Бул тууралуу "Ордо Курулуш" компаниясынын башкы инженерчиси Назаржан Сарыбаев маалымдады.
Алгач долбоор 45 миң орунга эсептелген, бирок ФИФАнын стандарттарына ылайык кайрадан иштелип чыкты.
Сарыбаевдин айтуусунда, жерди бекемдөө боюнча иштер аяктаган, бул чоң пилонорду орнотуу үчүн маанилүү этап.
Ал ошондой эле, курулуш үчүн бетон Кыргызстанда өндүрүлүп, темир Россиядан алынганын кошумчалады. Колдонулган бардык материалдар тиешелүү сертификаттарды алган жана мамлекеттик курулуш лабораториясында кошумча текшерүүдөн өтүүдө.
ОсОО "Омега Архитектура" өкүлү Махамад Рахманали стадион ФИФА стандарттарына жооп берип, чейрек финал дуэлдерин өткөрүүгө даяр болоорун белгиледи.
«Стадион Азия Премьер-лигасынын талаптарына жооп бериши маанилүү, бул курулуш процессинде эске алынууда. Негизги шарттардын бири — искусстволук жана табиый шөптү айкалыштырган гибриддүү талаанын болушу», - деп кошумчалады ал.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК