РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Эки жаңы маалымдаманы Tunduk тиркемеси аркылуу алууга болот
Коом

Эки жаңы маалымдаманы Tunduk тиркемеси аркылуу алууга болот

485
Кыргызстандын санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Tunduk мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин билдирет. Эми колдонуучулар төмөнкү маалымдамаларды электрондук форматта ала алышат:

Жеткиликтүү маалымдамалар:
  • психиатрдык диспансерде каттоонун бар же жок экендиги боюнча маалымдама;
  • наркологиялык диспансерде каттоонун бар же жок экендиги боюнча маалымдама.
Бул документтерди мекемелерге барбай эле алууга болот — алар 24/7 мобилдик түзмөктөр аркылуу жеткиликтүү жана толук юридикалык күчкө ээ. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар бул маалымдамаларды кагаз нускасын талап кылбай кабыл алууга милдеттүү.

Эскертебиз, өкмөттүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги №260-р токтомуна ылайык, 14-апрелден баштап өлкөгө кагаз маалымдамалардан жана электрондук форматта "Тундук" системасы аркылуу жеткиликтүү болгон башка документтерден биртке баш тартуу башталат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК