РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын инвестициялык долбоорлоруна $222 млн бөлөт
Коом

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын инвестициялык долбоорлоруна $222 млн бөлөт

199
14-апрелде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу келишимин ратификациялоодогу үчүнчү окууну жыйынтыктады.

Каржы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев билдиргендей, келишимдин алкагында $222 млн мамлекеттик инвестициялык инициативаларды каржылоого бөлүнөт. Бул сумманын ичинен $74,8 млн грант түрүндө берилет, ал эми $147,2 млн 32 жылдык мөөнөткө 1,5% пайыздык ставкасында насыя боюнча болот. Алгачкы сегиз жыл ичинде 1% пайыз ставкасында жеңилдик мөөнөтү иштейт.

Алынылган каражаттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ирригациялык жана энергетикалык системаларды кайра курууга, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө адаптация боюнча аракеттерге жана суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүүгө багытталат.

Бардык депутаттар бул келишимди жактыргандыгын бир добуштан колдошту.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК