Бишкек шаарында үч пациентке бөйрөк трансплантациялоо операциялары ийгиликтүү өттү

Жүргүзүлгөн бардык операциялар татаалсыз өтүп, реципиенттер менен донорлор стабилдүү абалда.
Хирургиялык процедураларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун командасы жүргүздү.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев пациенттер менен жолугуп, медициналык персонал менен операциялардын жыйынтыктарын талкуулады. Ал, Түркиялык кесиптештерине трансплантологияны өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымдары үчүн ыраазычылык билдирди жана эки тараптуу медициналык кызматташтыкты жогорку деңгээлде белгиледи.

Мындан тышкары, Эркин Чечейбаев 2023-жылы бөйрөк трансплантациясын өткөргөн пациенттер менен алардын донорлору жана туугандары менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары операциядан кийин ден соолук абалдарынын жакшыргандыгы жана жашоо сапаттарынын көтөрүлгөндүгү тууралуу өз пикирлерин бөлүштү.
Эске салсак, 2023-жылдын майында ушул оорукананын базасында трансплантологияны өнүктүрүү процесс башталган. Ошол эле жылдын августунда узак убакыт бою диализде турган жарандар үчүн биринчи бөйрөк трансплантациялоо операциялары жүргүзүлгөн.
Обсудим?
Смотрите также: