РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Сырткы иштер министрлиги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө сырткы саясат боюнча семинар өткөрдү
Коом

Сырткы иштер министрлиги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө сырткы саясат боюнча семинар өткөрдү

299





8-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Сырткы иштер министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия базасында окутуучу семинар өткөрүштү.
Ведомство билдиргендей, бул иш-чаранын максаты мамлекеттик органдар арасындагы сырткы саясаттагы кызматташтыкка байланыштуу мыйзамдарды, ошондой эле эл аралык келишимдерди жана мамлекеттик протоколду ишке ашырууда натыйжалуулукту жогорулатуу болуп саналат.
Семинар учурунда Сырткы иштер министрлигинин кызматкерлери катышуучуларга сунуш кылынган мыйзамдардын нормаларын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу билимин бөлүшүп, имараларына керектүү түшүндүрмөлөрдү беришти.
Семинардын катышуучулары мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл аралык ишмердүүлүгү алкагында кызматташтык процедуралары менен таанышты. Мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо, ошондой эле чет өлкөлөр менен эл аралык уюмдарда протоколдук практикалар тууралуу маселелер талкууланды.
Мындан тышкары Сырткы иштер министрлигинин өкүлдөрү Президенттин иш башкармалыгындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен бирдикте «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу боюнча инструктаж өткөрүштү, ал мамлекеттик органдардын Сырткы иштер министрлиги менен эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташтыгын оптимизациялоого багытталган.
Семинардын соңунда активдүү пикир алмашуу жана суроолорго жооп берүү сессиясы болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ар түрдүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын 70тен ашык кызматкери катышты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК