РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » НАНдын төрагасы жаш адистердин маянасы тууралуу: Кафедеги кир жуугучтар дагы көбүрөөк алышат
Коом

НАНдын төрагасы жаш адистердин маянасы тууралуу: Кафедеги кир жуугучтар дагы көбүрөөк алышат

384
Жогорку Кенештин социальдык саясат боюнча комитетинин жыйынында, 17-февралда депутат Илимбек Кубанычбеков Улуттук илимдер академиясында жаш адистердин бар-жогун сурады.

Академиянын президенти Канатбек Абдрахматов жаш кадрлардын чындап эле жетишерлик деңгээлде жок экенин түшүндүрдү. Ал жакында эле алардын айлыгы 13 миң сомду түзгөнүн белгиледи.

"Жаштар мындай акча үчүн жумушка кызыкпай жатат. Даже кафе убарчысы 20 миң сом эч кандай квалификациясыз иштеп жатат. Академияда жаш адистер болсо да, аларды өз ишине күйгөн адамдар деп атаса болот. Сейсмология институтунда кызматкерлердин болгону 30%ы 30 жашка чейин. Азыркы учурда айлык 100%га жогорулатылды, эми мурда 13 миң сом алгандар 30 миң сомго жакын киреше таба алышат", — деп кошумчалады НАН жетекчиси.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК