Кыргызстан "Туберкулезсуз Борбордук Азия" регионалдык демилгесине кошулду
Иш-чаранын уюштуруучулары ДСпУнун Европа боюнча регионалдык бюросу жана борбордук Азиянын беш өлкөсү болуп саналат. Демилге 2030-жылга чейин туберкулезду, анын дарыга каршы туруктуу формаларын жоюуга багытталган.
Чечейбаев Кыргызстандын туберкулезду жоюуга багытталган иштери тууралуу айтып, жетишкен ийгиликтерди белгиледи: тез диагноз коюу ыкмаларын киргизүү, дарылануунун көлөмүн кеңейтүү жана эпидемиологиялык байкоону жакшыртуу. Ошондой эле, дарыга каршы туруктуу туберкулездин улантып жаткан жүгүн жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин эске алып, ДСпУнун демилгеси жаңы импульс бериши зарыл.
ДСпУнун маалыматы боюнча, туберкулез жана анын туруктуу формалары борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн олуттуу коркунуч туудурат.
Ар жылы региондо 35 миңден ашык туберкулез учуру катталат, анын 8 миңи дарыга турукту. Региондогу беш өлкөнүн төртөө прогрессивдүү дарыга туруктуу туберкулез көрсөткүчтөрү боюнча 30 өлкөнүн катарында.
COVID-19 пандемиясы туберкулезду диагноз коюу жана дарылоого терс таасирин тийгизип, аныкталбаган учурлардын көбөйүшүнө жана өлүмдүн өсүшүнө алып келди.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тоскоолдуктарды жоюу, профилактикалык иш-чараларды өнүктүрүү жана туруктуу диагноз коюу жана дарылоо системаларын курууну улантууга убада берди.
Ушул жылдар ичинде Кыргызстанда туберкулезден оорууда жана өлүм-житимде туруктуу тенденция байкалганын белгилеп кетүү керек, деп айтты Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров.
Анын айтымында, эң жогорку ооруу учуру 2001-жылга туура келди, анда 100 миң адамга 168 учур катталган жана ошол жылы эң жогорку өлүм деңгээли 100 миң адамга 27 учур болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда ооругандар саны 100 миң адамга 56,3 учур, ал эми өлүм 100 миң адамга 2,6 учурду түзөт.
Балдар арасында туберкулездин аз сандагы өсүшү байкалат, бул диагноз коюунун жакшыртылышы менен байланыштуу.
Обсудим?
Смотрите также: