Бишкек ТЭЦинде негизги энергия блокторун оңдоо башталды
Планга ылайык, турбогенератордун жана котлоагрегаттын капиталдык оңдонуусу, ошондой эле төрт котлоагрегатка жана турбогенераторго техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү пландалган. Мындан тышкары, негизги жана жардамчы жабдыктарды модернизациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү көздөлүүдө.
Оңдоо иштеринин этап-этабы менен жүргүзүлүп, негизги энергетикалык блокторду жана жардамчы системаларды камтыйт. Ошондой эле эскирген бөлүктөрдү алмаштыруу, автоматташтырылган системаларды жакшыртуу жана энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пландар бар.
Ошол эле учурда МП «Бишкек жылуулук электр борбору» шаарды жылуулук менен камсыз кылууну улантууда жана жакында боло турган кышка даярданып жатат.
Обсудим?
Смотрите также: