Нарын облусунун эки районунда 12 адам мыйзамсыз балык уулоодон айыппулка тартылды
Экотехназор кызматынан алынган маалыматка ылайык, Кочкор районунда рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген тогуз адам кармалды. Натыйжада, 266-берене боюнча тогуз протокол түзүлүп, туурасында коюлган айыппулдардын жалпы суммасы 9 миң сомду түздү.
Жумгаль районунда да мыйзамсыз балык уулоо учурлары катталган. Үч жаранга карата протоколдор түзүлдү жана аларга 3 миң сом айыппул салынды.
Обсудим?
Смотрите также: