РУС
Акыркы жаңылыктар » Экология » Ташиев грецкие жаңгактарды кыргыз жаңгагы деп атамакчы
Экология

Ташиев грецкие жаңгактарды кыргыз жаңгагы деп атамакчы

461
Кабинет министринин орун басары Камчыбек Ташиев грецкие жаңгактарды кыргыз жаңгагы деп атамакчы.

Ташиевдин белгилегенине караганда, Кыргызстан бул жаңгактын мекени болуп эсептелет. «Биздин өлкөнүн аймагында жаңгактар миңдеген жылдар бою өскөн. Дүйнөдөгү эң чоң жаңгак плантациялары Арстанбапта жайгашкан. Биз уникалдуу региондо жашап жатабыз. Бул жаңгак грецкий, түрк, испан жана венгр жаңгагы катары белгилүү, бирок чындыгында анын мекени — Кыргызстан, ал жерден дүйнөгө таралган. Ошондуктан аны кыргыз жаңгагы деп аташ керек», - деп кошумчалады ал.

Ташиев ошондой эле мамлекеттик органдарга кыргыз жаңгагы аталышын күнүмдүк практикада колдонуп туруу тапшырмасын берди. «Жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдар, бул жаңгакты грецкий деп атабаңыздар. Биз аны кыргыз жаңгагы деп аташыбыз керек. Тарыхыбызга, тамырларыбызга кайтып келели», - деп баса белгиледи ал.

0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК