Депутат кыргызстандыктар кандайча битум менен камсыз кылышы мүмкүн экенин сурады
Анын суроосуна Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин орун басары Бекназар Базаралиев жооп берди. Ал өткөн жылы Жалал-Абадда битум өндүрүү боюнча жаңы завод ачылгандыгын маалымдады.
«Биз өткөн жылы бул заводдон битум сатып алдык. Бул жылы сатып алуу үчүн алдын ала төлөм жасадык», - деп кошумчалады ал.
Мында орун басар министр «Джунда» компаниясы Кара-Балтада да битум өндүрүүнү пландаштырууда экенин, бул келечекте ошол жактан да сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Токтошев бул заводдор өлкөнүн битумга болгон муктаждыктарын камсыздай алабы деп кызыкты. Базаралиев, «Джунда» заводу ишке кирсе, муктаждыктар толугу менен жергиликтүү өндүрүчүлөр менен камсыз кылынат деп ишендирди.
Ошол учурда Кыргыз Республикасынын «Жол фонду жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Обсудим?
Смотрите также: