ЖКда «Жол фондунун» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси өкмөттүн төрагасы болду.
Транспорт жана байланыш министрлигинин орун басары Бекназар Базаралиев долбоор боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты жана милдеттери — Жол фонду боюнча мыйзамдарды өзгөртүү, мамлекеттин каржылык ресурстарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга көмөктөшүүчү мыйзамдык нормалардын орнотулушу.
Талап кылынган өзгөртүүлөр Жол фондунун ишинде ачыктыкты камсыздоого жана акчалардын жалпы автомобиль жолдорунун курулушуна, тейлөөсүнө, оңдоп-түзөөсүнө жана реконструкциясына гана сарпталышына кепилдик берүү үчүн багытталган.
Обсудим?
Смотрите также: