РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Зардалы айылында эмне жасалды? Министрликтин жообу
Эксклюзив

Зардалы айылында эмне жасалды? Министрликтин жообу

146
- 2024-жылы Зардалылар айылы жаңы электр энергиясы менен камсыздалды, бул тууралуу Энергетика министрлигинин 2024-жылга отчетунда маалымдалган.

Энергетика министрлиги Зардалылардагы электр энергиясы менен камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди:


  • Интеллектуалдык электр энергиясынын эсепчилери АСКУЭ 61 керектөөчүдө орнотулган;

  • 56 үй-бүлөгө 5 кВт кубаттуулугу бар аккумулятордук батареялар берилген;

  • 2 мечитке 3 кВт кубаттуулугу бар аккумулятордук батареялар орнотулган;

  • 1 фельдшер-акушердик пунктка 5 кВт кубаттуулугу бар аккумулятордук батарея орнотулган;

  • 1 чек ара заставасы 10 кВт кубаттуулугу бар аккумулятордук батарея менен камсыздалган;

  • Мектеп үчүн дагы 5 кВт кубаттуулугу бар аккумулятордук батарея орнотулган.


Кошумча маалымат:

29-сентябрда Зардалылар айлына президент Садыр Жапаров чукул тапшырмаларды берип, тиешелүү министрликтерге айылды мобилдик байланыш, электр энергиясы менен камсыздоо жана Кызыл-Таш — Зардалылар жолун куруу маселелерин чечүүнү тапшырды.

0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК