РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Депутат Кызыл-Сууда жол курууну республика бюджети эсебинен сурады
Эксклюзив

Депутат Кызыл-Сууда жол курууну республика бюджети эсебинен сурады

346
Депутат Арсланбек Малиев Кызыл-Суу айылындагы жолдун абалы тууралуу суроону Жогорку Кенештин 26-февралдагы жыйынында көтөрдү.
Ал бул жолдун айылдын тургундары үчүн гана эмес, региондун туристтик потенциалын өнүктүрүүдө да ачкыч роль ойной турганын баса белгиледи.

«Көптөгөн туристтер бул айылга кооз көрүнүштөр үчүн келип жатышат, бирок жолдун азыркы абалы аларга айрым ыңгайсыздыктарды түзүүдө», - деп белгиледи депутат.

Малиевдин айтымында, жол ДЭП-35тин карамагында.

«Бул жолду салууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнүшү керек, анткени жергиликтүү каражаттар талап кылынган чыгымдарды жабууга мүмкүнчүлүк бербей жатат», - деп кошумчалады ал.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК