ЕЭК транспорттук моноблочтук кондиционерлер үчүн 8% бажы салыгын киргизди
Киргизилген бажы салыгы 8% бажы наркынан түзүлөт жана эки жыл бою иштейт.
Бүгүнкү күндө ЕАЭСтин Бирдиктүү бажы тарифинин алкагында 8415 20 000 9 ТН ВЭД ЕАЭС кодуна кирген товарларга нөлдүк бажы салыгы орнотулган.
«Бул чечим бажы-тарифтик жөнгө салуу жаатында ЕАЭС өлкөлөрүндөгү темир жолу жана автоунаа машина куруу секторундагы транспорттук кондиционерлерди өндүрүүнү колдоо максатында кабыл алынган», - деди ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана бажы эмес жөнгө салуу департаментинин директору Вагн Казарян.
Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк атаандаштарынан келген катуу басымга дуушар болууда, анткени даяр продукция менен анын компоненттеринин импорттук бажы салыктарында дисбаланс бар.
Мунун натыйжасында, даяр кондиционерлердин импорту ЕАЭС өлкөлөрүндө өндүрүүдөн көбүрөөк пайда алып келет.
«Биздин компаниялар кондиционерлерди жыйноодон тышкары, негизги компоненттерди өндүрүү сыяктуу жаңы технологияларды киргизүүгө да олуттуу инвестициялар салууда», - деп кошумчалады Казарян.
Ошондой эле, товарлардын классификациясына өзгөртүүлөр ЕЭКтин Коллегиясынын кийинки жыйынында ТН ВЭД ЕАЭСке түшүндүрмөлөрдү киргизүү боюнча кабыл алынары маалым болду.
Обсудим?
Смотрите также: