ГНС: 1-майга чейин салык декларациясын берүү талап кылынат
Ошентип, белгиленген мөөнөткө декларацияларды төмөнкү адамдар тапшырышы керек:
– жеке ишкерлер;
– патент негизиндеги же өзгөчө шарттардагы соода аймактарында иш жүргүзгөн физикалык жактар;
– Кыргызстан жарандары, эл аралык уюмдарда, ошондой эле башка өлкөлөрдүн консулдук жана дипломатиялык мекемелеринде иштегендер;
– салыктан чыгарылуучу кирешени алган физикалык жактар, алардан тыюу салынган кирешени кармап туруу милдети жок уюмдар.
Алгачкы этабы 1-апрель күнү аяктаганын белгилеп өтүү керек. Анын алкагында декларацияларды тапшырышы керек болчу:
– бюджеттен каржыланбай, отчеттук мезгил ичинде мүлк салыгына милдеттенмеси жок жергиликтүү уюмдар;
– Кыргызстанда туруктуу өкүлчүлүктү түзгөн чет элдик уюмдар;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
Кененирээк маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу же салык кызматунун расмий сайтында: www.sti.gov.kg алууӊуздар мүмкүн.
Обсудим?
Смотрите также: