РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Жогорку Кенеш «цифровой сомдун» юридикалык статусуна байланыштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды
Эксклюзив

Жогорку Кенеш «цифровой сомдун» юридикалык статусуна байланыштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

65
Жогорку Кенеш «цифровой сомдун» юридикалык статусуна байланыштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар Конституциялык мыйзамдын долбоорун карап, Улуттук банк тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү, ошол эле учурда «цифровой сом» улуттук санариптик валютасынын юридикалык статусу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда макулдашышты.

Бул мыйзам долбоорлорунун инициатору Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорлору тууралуу маалымдаманы Жогорку Кенештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Толонов таныштырды.

Бул мыйзам долбоорлорунун максаты «цифровой сом» улуттук санариптик валютасынын прототипи үчүн пилоттук проектти ишке киргизүү, ошондой эле юридикалык базаны түзүп, анын статусун аныктоо. Цифровой сомдун юридикалык статусы техникалык платформага болгон тандоодон жана прототиптин аракеттенүү жана пилоттук этаптарын ийгиликтүү аяктоо менен, ошондой эле анын толук масштабда ишке киргизүү тууралуу чечим кабыл алынышынан көз каранды экендиги белгиленди. Ошондуктан мыйзам долбоорлорунун күчүнө кирүү күнүн 2027-жылдын 1-январына коюу сунушталууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК