Токтогул паркында жана Ош шаарындагы спорт шаарчыгында тартип орнотулат

Бүгүн Ош шаарында мэр Жеңишбек Токторбаев Токтогул Сатылганов атындагы паркта инспекция жүргүздү.
Мэриядан билдиришкендей, ал визит учурунда парктагы обьектилердин жана жанаша жайгашкан аймактардын абалын жакшыртуу боюнча көрсөтмөлөр берди.
Негизги тапшырмалардын катарына аттракциондорду жана инфраструктураны жаңылоо же коммерциялык обьектилерди заманбапташтыруу кирет. Мэр парктарды таштандыдан жана жалбырактардан тазалоо, ошондой эле коммерциялык обьектилердин алакаларынын жерлерин ижарага берүү маселелери боюнча көңүл бөлдү.
Мындан тышкары, Токторбаев сүйүү паркы (Мээрим паркы) жана А.Орозбеков көчөсүндө жайгашкан спорт шаарчыгындагы аймактарды да текшерип, бул жерлерди тазалоону тапшырды.
Обсудим?
Смотрите также:
