РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » ЕЭК органикалык продукцияны ЕАЭБде таануу тартиби тууралуу келишим долбоорун жактырды
Эксклюзив

ЕЭК органикалык продукцияны ЕАЭБде таануу тартиби тууралуу келишим долбоорун жактырды

323
- 17-мартта Москвада ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин министри Гоар Барсегяндын жетекчилигинде Агроөнөр жай комплексинин Консультативдик комитетинин жыйын болуп өттү.

Жыйындын катышуучулары органикалык продукцияны ЕАЭБде таануу тартиби тууралуу сунуш кылынган келишим долбооруна бир добуштан колдоосун билдиришти.

ЕЭКтин өкүлдөрү бул документ союз ичиндеги органикалык продукциянын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылууга багытталганын белгилешти.

Эл аралык келишимдерге ылайык, катышуучу өлкөлөрдүн макулдугуна негизделген кайра иштелген долбоор ЕАЭБдин органдарына арыз берилип, андан аркы кароо үчүн тапшырылат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК