РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » 2025-жылы ичүүчү суу объектилерин куруу үчүн 2 миллиард сом бөлүнөт
Экономика

2025-жылы ичүүчү суу объектилерин куруу үчүн 2 миллиард сом бөлүнөт

258


Бул жылы Кыргызстанда ирригацияга 4,8 миллиард сом бөлүү пландалууда, ал эми таза суу менен камсыздоо объектилерин курууга 2 миллиард сом бөлүнөт.

498 су сактагычтын долбоордук көлөмү 1,8 миллиард кубометрди түзөт, учурда болсо толтурулуш 1,5 миллиард кубометрди түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 350 миллион кубометрге көбөйдү, бул 30% га жогорулагандыгын билдирет. 2025-жылы 1 миллион 22 миң гектар жерге ирригация үчүн 6,8 миллиард кубометр суу берүү пландалууда, бул 4-5 жолу сугарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле 20 миң гектарга тамчылатып жана жаан сугаруу системасын орнотуу пландалууда.

Бул маалыматтарды Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйында вице-премьер-министр жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев билдирди.

Бул жылы мамлекеттин бюджетинен ирригация объектилерин калыбына келтирүүгө жана оңдоого 4,8 миллиард сом, ал эми таза суу менен камсыздоо объектилерин курууга 2 миллиард сом бөлүнгөн.

- Бул каражаттардын эсебинен 500 км каналдар оңдолуп, тазаланды, каналдарга бетон төсөө пландалууда, 755 гидротехникалык курулуштарды калыбына келтирүү, 200 суу өлчөө постторун, 91 насостук станцияны, 40 насос агрегаттарын жаңылоосу, ошондой эле 272 км коллектор-дренаж системасын тазалоо пландалууда. Ушул жылдын биринчи эки айында 130,2 км аралык каналдар курулду, - деди Бакыт Торобаев.

Азыркы учурга чейин жер астындагы кудуктарды инвентаризациялоо жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы менен 14 496 кудук аныкталды, анын 270и текшерилди. Бул жылы 80 жаңы кудук куруу пландалууда.

2025-жылдын сугат сезонуна суу чарба объектилерин даярдоо үчүн 203 техника единици Суу ресурстары кызматы тарабынан тартылды, ал эми жергиликтүү айыл өкмөттөр 1000ге жакын техника колдонушту.

Ошондой эле 258 айылдык пунктка таза суу менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө, анын 168инде 40 суу боюнча системалар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди, ал эми 90 айылдык пункттун таза суу системалары үчүн долбоордук-сметалык документи даярдалды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК