Марто Баткенде мунай жана газ өндүрүлө баштайт
Мунай переработка заводунун курулушу аяктоого жакын
Кыргызстандын мунай-газ секторун өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп, Баткен областынын чегинде жайгашкан Түндүк Сох жана Чонгара-Галча кендеринде мунай жана газ өндүрүү үчүн лицензиялык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, “Кыргызско-Турецкий К-Нефтегаз” акционердик коомунун жана “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин тобу мунай скважиналарын оңдоп-түзөө жана даярдоо иштерин аяктады.
Учурда мунай переработка заводунун даярдыгы 95% түзөт жана курулушу аяктоочу стадияга келди. Завод 2025-жылдын мартында толук ишке киргизилет деп күтүлүүдө.
Азыркы учурда мунай өндүрүшү жети скважинада жүргүзүлүп, жалпы өндүрүш көлөмү 200 тоннага жетти. Бул долбоордо 42 жумушчу катышууда. Бардык иштер аяктаган соң 350дөн 400гө чейин жаңы жумушчу орундарын түзүү пландаштырылууда, бул болсо региондогу жумушчу орундар деңгээлине оң таасирин тийгизет.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также: