ТЭКти жөнгө салуу департаменти лицензиядан ажыратуу укугун алуу мүмкүнчүлүгү бар
Бул департамент электр энергиясы, жылытуу энергетикасы, ошондой эле табигый газ жана мунай секторлорунда лицензиялоого жооптуу.
Бүгүнкү күндө компанияны лицензиядан ажыратууга негиз болгон сегиз себеп бар, алардын ичинде: лицензия алган тараптын өз инициативасы, анын ишин токтотуусу, юридикалык жактын жоюлушу, лицензиянын же уруксаттын мөөнөтүнүн бүткөндүгү, ошондой эле соттун чечими күчүнө кирүүсү.
Жаңы өзгөртүүлөр боюнча, ТЭКти башкаруу департаментине лицензиянын же уруксаттын аракетин убактылуу токтотуу укугун бериш сунушталууда.
Бул мыйзам долбоорунун инициатору депутат Кундузбек Сулайманов.
Обсудим?
Смотрите также: