Бул тууралуу маалымат:
Министр кувейт тарапка Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлоруна, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорго, "жашыл экономикага", гидроэнергетикага, транспортко жана туризмге инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү сунуштады.
Кулубаев шейх Саудду 2025-жылдын жайында Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү "Ортолук Азия жана Араб мамлекеттеринин Совети" инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Шейх Сауд Салим Аль-Сабах министрге чакыруу үчүн ыраазылыгын билдирди жана Кыргызстан тарабынан сунушталган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө кызыгуу көрсөтүп, алардын ишке ашырылышына активдүү катышууга даяр экенин айтты.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, эки тарап инвестициялар, соода, логистика жана туризм чөйрөсүндө кызматташууну улантууга макулдашышты.
Обсудим?
Смотрите также: