Япониялык компания Бишкек — Ош трассасында туннель курууга баталдык

Келишимдин кол коюлушуна катышкан жогору кызматтагы коноктор арасында Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, анын орун басары Бекназар Базаралиев, Кыргызстандагы Япония Республикасынын Ыйгарым укуктуу жана Өзгөчөө элчиси Хидэки Году, ошондой эле JICA уюмунун өлкөдөгү туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки бар эле.

Бул долбоордун алкагында Takenaka Civil Engineering компаниясы Бишкек — Ош жолунун 400-километринде узундугу 750 метрге жеткен туннелдин курулушу үчүн контракт түзүлгөн.
Транспорт министрлигинин маалымат кызматы ошондой эле курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын июнь айына пландалганын билдирди.
Обсудим?
Смотрите также: