2027-жылдан баштап Бишкек ТЭЦ толугу менен газга өтүшү мүмкүн
Анын айтымында, бул үчүн жыл сайын 500 миллион кубометрден ашык газ талап кылынат, бул болсо өлкө боюнча жаратылыш газын колдонуу деңгээлине туура келет.
Арзымат Алдаяров "Газпром" Кыргызстанга келген учурда, газды колдонуу көлөмү 209 миллион кубометрди түзгөнүн, азыр болсо бул көрсөткүч 525-530 миллион кубга жеткенин белгиледи, бул 2,5 эсе өсүү. ТЭЦ-2 жана "Бишкексельмаш" сыяктуу объектилерди реконструкциядан кийин жаратылыш газына өткөрүү боюнча мамлекеттик мекемелер, анын ичинде Энергетика министрлиги менен келишимдер бар. Учурда туташтыруу үчүн тармактарды даярдоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Бишкек ТЭЦинин аймагында жаңы кубаттуулуктарды куруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Эгер учурдагы казандар газга өтсө, алар көмүрдөн да натыйжалуу иштейт, бирок экономикалык эффективдүүлүгү аз болору белгиленди.
Арзымат Алдаяров эгерде газдын керектүү көлөмүн камсыз кылуу үчүн парогаздык установка курууга каражат табылбаса, анда эски казандар газды көмүрдүн ордуна пайдаланат деп кошумчалады. Бул ошондой эле экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.
Обсудим?
Смотрите также: