Кыргызстан менен Беларусь 2025-2027-жылдарга кызматташтыктын өнүктүрүү планына кол коюшту
Кол коюу видеоконференция форматында өтүп, ага Кыргызстан Республикасынын сугат, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри жана кабинттин орун басары Бакий Торобаев, ошондой эле Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак катышты.
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын тең төрагалары, бул документтин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилерин камтыгандыгын белгилешти. Тараптар бул планда соода, өнөр жай кызматташтыгы, айыл чарба жана транспорт-логистика кызматтарында пайдаланылбаган потенциалды ачууга көмөктөшө турганын айтышты.
Эки өлкөнүн мамлекеттик органдарына "жол картасын" оперативдүү жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылды, бул болсо эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталат.
Обсудим?
Смотрите также:

