РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » Украин аскерлери төрт орусиялык регионго кол салды
Дүйнөдө

Украин аскерлери төрт орусиялык регионго кол салды

354
Украин аскерлери төрт орусиялык регионго кол салды

Иллюстративдик сүрөт
Төрт орусиялык регион украин аскерлеринин кол салуусуна дуушар болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги берген маалыматка ылайык, 15-февралдын түнүндө 40 украиндык дрон кармалып, жок кылынган:

- 17 дрон – Волгоград облусунда,

- 12 дрон – Калужская облусунда,

- 9 дрон – Ростов облусунда,

- 2 дрон – Саратов облусунда.

15-февралдын таңында Росавиация Астрахань, Владивосток, Волгоград, Грозный, Калуга, Саратов жана Ульяновск шаарындагы аэропортторду учууларын камсыз кылуу үчүн жаап койгонун маалымдады. Бардык аэропорттор 08:45 Москва убактысы боюнча ишин кайра баштады. Чектөө учурунда эки учак резервдик аэропортторго конууга мажбур болду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК