Казакстандык кыздар украиналыктар менен түрк учакта мушташып кетишти
Учак чукул түрдө конууга мажбур болду
Чукул конуу Анталиядан Астанага каттап бараткан учакта болгон конфликттин айынан жүргүзүлдү. TGRT Haber телеканалынын маалыматына ылайык, Казакстандык эки аял украиналык бир жуп менен мушташып кеткен.
Телеканалдан алынган маалыматка ылайык, Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагында болгон инцидент чукул конууга алып келди, себеби конфликт физикалык мушташууга айланды. Мушташтын бардык катышуучулары учактан чыгартылып, жергиликтүү ооруканага медициналык текшерүүгө жөнөтүлдү, андан соң полиция учаскасына алып барылды.
Дебошерлер рейстен чыгарылган соң, учак Астана тарапка жолун улантты.
Сүрөт www
Обсудим?
Смотрите также: