Кыргызстанда үч жылдан бери эң кооптуу гепатиттин түрүнө дары-дармек келбейт – Сапарбу Тобокалова

Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында башкы гепатолог Сапарбу Тобокалова Кыргызстандын үч жылдан бери эң кооптуу гепатиттин түрү үчүн тийиштүү дары-дармектер келбесин айтты.
Тобокалованын айтымында, Дельта гепатитинин түрү себептүү олуттуу маселе пайда болгон. «Үч жыл бою биз Америка компаниясы тарабынан чыгарылган дары-дармектерди албай жатабыз, буга чейин алар Россия аркылуу өлкөгө келген. Учурда алар жеткирилбейт. Пациенттер мамлекетке жана парламентке бул препараттарды жеткирүү боюнча жардам сурап кайрылышат. Кээ бирлери өз каражаттары менен сатып алууга даяр. Бул гепатиттин түрү өтө кооптуу жана циррозго жана боор рагына алып келиши мүмкүн. Оорулуу адамдар бул дары-дармектерге муктаж», - деди гепатолог.
Обсудим?
Смотрите также:

