Ош облустук ооруканасына япон тараптан медициналык жабдууларды коюу үчүн жаңы имарат керек, - депутат
Масабировдун айтымында, келишимге кол коюу үчүн келген делегация медициналык мекемени текшерип чыгышты. «Делегациянын жетекчиси учурдагы медициналык жабдууларды жайгаштыруу үчүн Ош облустук ооруканасынын аймагында жаңы имарат куруу зарылдыгын белгиледи. Пландоодо МРТ, ангиограф, КТ жана башка аппараттарды орнотуу бар», - деп кошумчалаган депутат.
Ал ошондой эле адистер онкологиялык оорулардын санынын өсүп жатканын белгилеп, бул абдан эле тынчсыздандырганын кошумчалаган. «Ош шаарындагы учурдагы онкология борбору мурун балдар бакчасы катары колдонулган имаратта жайгашкан жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Бул маселенин да чечилиши маанилүү», - деп жыйынтыктады Масабиров.
Обсудим?
Смотрите также: