18 мектеп жана 118 бала бакчага камера орнотуу үчүн 42,2 миллион сом талап кылынат, - депутат
Алымбековдун айтымында, проект жаңы мектептерге 4,5 миллион сомдук камераларды, сервер үчүн 14,7 миллион сом жана бала бакчаларга орнотуу үчүн 23 миллион сом талап кылынат.
«Жаны куч» партиясынан депутат Таалайбек Сурапбаев ГУВДнын базасында тейлөө жүргүзүлөбү экенин сураганда, биринчи вице-мер Мирланбек Байгончоков жооп берип, камераларды орнотуу үчүн финанслоо бюджеттен жүргүзүлөт жана сервер ГУВДнын базасында жайгаштырылат дегенин тастыктады.
«Ынтымак» партиясынан депутат Таалайбек Сариев депутаттар чечим кабыл алып, тапшырма бере алса да, иштерди аткаруу үчүн так мөөнөттөрдү аныктоо маанилүү экенин белгиледи.
«Бул каражаттар бюджетте каралган эмес. Мурун ГУВД бул маселелерди көтөргөн. Биз финансылык булактарды издеп жатабыз жана аларды бюджетке киргизебиз. Иштер жылдын аягына чейин бүтөт деп пландалууда», - деп кошумчалады биринчи вице-мер.
Обсудим?
Смотрите также: