Сабырбек Джумабеков Кыргызстандын Травматология жана Ортопедия Улуттук борборунун директору болуп дайындалды
Бул борбор Бишкектеги Чукул жардам көрсөтүү клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан.
Бул мекемени куруу 31-мартта башталды, ал эми анын ачылышы 2026-жылга пландаштырууда. Ал 440 орунду камтышы күтүлүүдө. Мекеме реанимация, операциялык, кабыл алуу бөлүмү, амбулатория, ошондой эле клиникалык-диогностикалык жана бактериялогиялык лабораториялар, физиотерапия жана реабилитация бөлүмдөрүн бириктирет. Борбордо МРТ, УЗИ, рентген жана башка ар түрдүү диагностикалык процедуралар, ошондой ошондой эле операциядан кийин комплекстүү реабилитация кызматтары да сунушталат.
Сабырбек Джумабеков 2004-2022-жылдар аралыгында Бишкек травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборунун жетекчиси кызматын аркалоодо. 2022-жылы бул борбор Чукул жардам көрсөтүү клиникалык ооруканасына айландырылды.
Обсудим?
Смотрите также: