Кыргызстанда 4886 корь менен ооругандар вакцина алган эмес
8-апрелге карата өлкөдө 5168 корь оорусунун учуру аныкталган. Анын ичинен 3187 учуру Бишкекте, 312 учуру Ошто, 406 учуру Ош облусунда, 112 учуру Баткен облусунда, 654 учуру Чүй облусунда, 157 учуру Жалал-Абад облусунда, 147 учуру Талас облусунда, 107 учуру Нарын облусунда жана 86 учуру Ысык-Көл облусунда катталган.
Иммунопрофилактика борбору 4886 ооругандын ичинен: 1578 адам (31%) жаш курагынан улам вакцина албай калганын, 2275 адам (44%) эмдөөдөн баш тартканын, 76 учур (1%) миграция менен байланышканын, 482 учур (9%) медициналык негиздерден улам эмдөөдөн четтетилгенин жана 475 учурдун (9%) эмдөө статусу белгисиз экенин тактайт.
Жалпысынан 282 ооругандын вакцина алгандыгы аныкталды: алардын 156сы КПК-вакцинасын бир дозасын, 126сы эки дозасын алган.
Обсудим?
Смотрите также: