РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Соцфонддо пенсияга чыгууга стаж деп эмне эсептелет
Коом

Соцфонддо пенсияга чыгууга стаж деп эмне эсептелет

481
«Биринчи радиодо» Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов пенсияга чыгуу үчүн стажга кайсы мезгилдер кирээрин айтып берди.
Анын айтымында, стажга төмөнкү учурлар кирет:
- диплом алуу менен билим берүү мекемелеринде окуу учуру,
- бала үч жашка чыкканга чейин бала тарбиялоо үчүн отпуск,
- аскердик кызмат,
- расмий түрдө жумушсуз катары катталган учур жана жөлөкпул алуу,
- дене мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүү,
- ошондой эле, камсыздандыруу төлөмдөрү жок болгон башка убактылуу мезгилдер.
Мындан тышкары, Мукамбетов пенсияны кабыл алуу процессин туруктуу каттоонун ордуна убактылуу жашаган жер боюнча жүргүзүүгө болорун тактады. Бардык маалыматтар «Тундтук» системасы аркылуу текшерилет.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК