Министрлер кабинетинин 2030-жылга чейин иммунопрофилактика программасын бекитти

Министрлер кабинети 2025-2030-жылдар аралыгында иммунопрофилактика программасын бекитти. Бул чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана коомдун санитардык-эпидемиологиялык туруктуулугун камсыздоого багытталган.
Бул токтомдун негизги максаты «Коомдук ден соолук жөнүндө» мыйзамдын ишке ашырылышын камсыздоо болуп, ал иммунопрофилактика тармагындагы мамлекеттик саясатын камтыйт. Бул инфекциялык оорулардын алдын алуу, жайылышын чектөө жана жоюу үчүн жардам берет.
Жаңыланган программada вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга байланыштуу актуалдуу маалыматтар, ошондой эле вакцинация жаатында жетишилген натыйжалар жана аныкталган проблемалар боюнча анализ берилген. Программанын стратегиялык багыттары дагы каралып чыкты.
Программаны ишке ашыруунун каржылануы республикалык бюджетте тиешелүү министрликтер мен мекемелер үчүн каралган бюджет каражаттарынын алкагында жүзөгө ашырылат.
Обсудим?
Смотрите также: