Илимдер академиясы жаңы окуу программасын иштеп чыгууда, - Билим берүү министрлиги
Ал учурда бардык региондордогу билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен активдүү иш алып барыларын белгиледи. Ошондой эле мектеп директорлору жана директордун орун басарлары үчүн окутуу уюштурулууда. 14-апрелден баштап билим берүү багытында иштеген бардык кызматкерлер үчүн кошумча маалымат берилет.
«Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда окуу жайлары жана мектептердин жетишсиздиги боюнча олуттуу проблема бар. Биринчи класстын окуучуларын окутуу үчүн бала бакчалардын имараттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланууда — бул чаралар иштелип чыгуу стадиясында», - деди ал.
Мырзалиева, Улуттук илимдер академиясында жаңы стандарттар жана билим берүү программалары боюнча иш улантыларын кошумчалады. Келерки окуу жылында жаңы билим берүү программасы киргизилет.
Обсудим?
Смотрите также: